21 ноябрь 2018
Бишкек убактысы: 01:52


Авиакырсыктан кийинки жашоо…

Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулагандан бери тогуз айдын жүзү болду. Бул убакытта Дача СУда эмне өзгөрдү? Азыр кантип жашоо өтүп жатат? Жабыркагандардын абалы кандай? Муну менен таанышуу үчүн кырсык болуп өткөн жерге барып келдик.

Кырсык болуп өткөн жерде учурда айыл тургундары мурдагыдай эле жашап жатышат. Кээ биринин үйлөрү жабыркаса, кээ бирлери короо-жай, малынан да кол жууп калышкан. Башка жерге көчүп кетүүгө азыр мүмкүн эмес экендигин түшүнгөн айыл тургундары, тагдырга моюн сунуп жашоодо. Элден чогултулган каржылык жардам калыс таратылбаганына нааразычылыктар бар. Алар дагы деле болсо мамлекет тарабынан алгылыктуу жардам болуп калабы деп үмүттөнөт. Материалдык жабыркагандардын арасында, моралдык жана псиxикалык жактан жабыркагандар да кездешет. Окуяга өзү катышып, мерт кеткендерди кармалап, тирүүбү деген ой менен аралашып жүрүп, псиxологиялык жабыр тарткан жашы жете элек кыз дагы бар.

2017-жылдын 16-январында турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн жүк ташуучу учак, карапайым жашап жаткан 39 адамдын өмүрүн алып, жашоочуларга зыян дагы келтирди.

Исхак Анарбаев, жабырлануучу:  “Түн ичинде балдар коркушат, биз аларды кайтарып чыгабыз”

— Учак ушул жерге түшүп, бул жактын баарын сындырып талкалады,  ушул жердеги бардык үйлөр кыйрады, бул үйдө бир эле адам жашаган, калган үйлөрдө 6-7ден адам жашачу. Кырсык болгон убакта биз үйдө болчубуз, подвалда жашачубуз, жер аябай катуу титиреди, үйдөн качып чыктык,  качып чыксак эле от күйүп атат жалындап, биз билгенибиз жок да, жаңгактын жанында учкуч жаткан экен, отургучу менен, ошондо  учак кулап түшкөнүн билдик. Качып чыгып эле карасак бул тушта самолеттун мурду жатыптыр, канаты жолго чыгып кеткен, ушул жерден үч жарылуу болду. Керосин жайылыптыр, сарайларыбызды алып кетти, навайканаларыбызды алып кетти, жабыркадык, кыздарыбыз коркуп, бир жарым айдай психбольницага жатып чыгышты, неврологиясына. Эми ооруду деп эле айта бербеш керек, кудайга шүгүр, жакшы элебиз.

Түн ичинде коркушат балдар, кирип келди деп эле ыйлап чыгышат. “Кундуз балдары менен кирип келди” деп эле түн ичинде туруп кетишет, ак кийимдер менен каза болгон коңшулар кирип келет экен. Аларды апасы экөөбүз карап чыгабыз. Кайсы жерде Молдо бар десе даярбыз. Жардам деп 70 миң сом берди, ал эч нерсеге жеткен жок.

Мадина Исхак кызы, жабырлануучу: “Карасам  досумдун колу көрүндү, тартсам эле колу өзү эле чыгып келди”

— Бул жерде досторум жашачу. Самолет түшкөн күнү баарыбыз эшикке чыктык, караңгы болгондуктан бири-бирибизди издеп  калдык, сиңдимди көрүп калып апамдарга бардык, анан классташтарымды издеп баштадым. От күйүп атыптыр, ага карабай арасына кирип кетипмин, карасам досумдун  колу туруптур, тартсам анын колу гана калыптыр, жүрөгүм түшүп калды. Ары жакта Венера деген эже бар болчу, алардын балдарын тирүү деп алып чыгышкан, мен аларды кармап отургам. Кийин кара пакет алып келип салышканда ошондо гана билдим өлүп калгандарын, мен аларды тирүү деп эле кармап отура берипмин. Досторум эсимде калды, дагы эле көз алдымдан кетпейт, мага азыр алар көрүнөт, чакыра беришет, үйгө келишет башка коноктор келсе алар менен чогуу кирип келишет, сүйлөшүшөт, мени молдого окутушат, ошол убакта алар мага жабышып алып кетпейбиз дешет, эжелеп турушат, бир эженин боюнда бар болчу, ал баласын төрөптүр, колуна кармап алыптыр.

—Мектепке эмнеге барбай калдың?

— Мектепке алар менен бирге баргандан корком, жалгыз калгандан да корком, титирей берем. Артымда тургандай боло берет, артымды карасам маңдайымда болуп калышат.

Чынара Термечикова, психолог: “Кырсык деген жаман да күтүлбөй келет”

«Данакер» үй-бүлөлүк борборунун психологдору кырсыктан кийин Дача СУда жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөткөн. Бул борбордун психологу Чынара Термечикованын айтымында, жабыркагандарга колдон келишинче психологиялык жардамдар көрсөтүлгөн, бирок бул дагы жетиштүү болбошу мүмкүн.

— Бул кырсыктын психологиялык жактан жаман таасири абдан көп болду, психологиялык жактан  аябай жабырланышты, стресске дуушар болду. Убагында жардам ала албай депрессияга кабыл болушту. Мектептеги окуучулар менен эки жарым айдан ашык иштештик, алар коркуу сезимдери менен азыркыга чейин жашап атат. Ар кандай ыкмаларды колдонуп, арт терапия, оюн терапиясы, жомок терапиясы деген сыяктуу психологиялык методикаларды колдонуп жардам көрсөттүк. Эми арасында кээ бирлери менен узак мөөнөткө чейин иштешебиз. Жоготуу, кайгы проблемасы менен иштеш керек. Ошол убакта психологиялык жардам көрсөтүлбөсө, албетте, алардын ден соолугуна залакасы тийип, жаман жагдайга алып келиши мүмкүн.

— Биздин өлкөдө кырсыктан кийин жетиштүү деңгээлде  көңүл  бурулдубу, башка өлкөлөрдө кандай жардам көрсөтүлөт?

— Негизи мамлекет  тарабынан өзгөчө кырдаалдарда  психологдор жардам көрсөтүп атты. Колдон келген жардамын беришти, бирок ошону жакшы бир системага салыш керек, ирети менен уюшулгандыкта болгон жок. Кырсык деген жаман да күтүлбөй келет, бирок ошондой болсо да колдон келген аракеттерди жасадык.

Кыйраган үйлөр ээлерин жоктойт…

 

Төрт небересин жалгыз тарбиялаган чоң эне

Мария Шүкүрова 4 небересин жалгыз тарбиялайт. Кырсык болгон күнү анын бир уй жана торпогун сарайы менен чогуу алып кеткен. Бул анын жалгыз каражат булагы эле.

— Сарайды, бир уй, бир торпогу менен алып кетти эле, мага өкмөт бир да тыйын берген жок. Ошол уйдун сүтү менен неберелеримди бакчу элем. Түркия тарап берет деди эле, эч нерсе жок. Ал күнү боз ала чаң болуп эле жатып калдык, иттер үрүп атты, балдардын ыйлаган үндөрү, келме келтирип эле отуруп калдым. Эми каякка барам, туугандарым Ошто, жолдошум каза болуп калган, жардам болорун билбейм өзү.

Дача СУлуктар учак учуп-конгон сайын коркуп күн кечирип келет. Алар бийликтен башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан менен азырынча жыйынтык жок… Жашоо болсо уланууда…

Дилбар Алимова, Айзада Калканбекова